Садыр Жапаров: паспорт менен сомду Кыргызстан өзү басып чыгара баштайт

Кыргызстандын улуттук валютасы европалык компаниялардан басып чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Паспорт менен акча Кыргызстандын өзүндө жасала баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган учурда айтты.
Бул үчүн ал "Учкун" басмаканасы бардык заманбап жабдык менен камсыз кылынганын билдирди.
"Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз жеке фирмада басылбашы керек. Буюрса, келечекте акча басып чыгарабыз. Ал эми өзүбүздүн паспортторду май айынан баштап басып чыгара баштайбыз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке ишканалар чыгарчу. Бул үчүн мамлекет 15 миллиард сом төлөсө, бюджетке бир тыйын да салык түшкөн эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент "Учкундан" басып чыгарууда казынага 3 миллиард сомго жакын акча кайтарыларын кошумчалады.
Иманалиев Жапаровго билим берүү тармагын кандайча реформалай турганын айтып берди