Путин: Батыштын көздөгөнү — Россияны майда бөлүктөргө бөлүү

Владимир Путин Батыш мындай аракетин Россиянын ар бөлүгүнө үстөмдүк кылып, башкарыш үчүн жасап жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Батыштын максаты — мурдагы СССРди, Россияны бөлүп-жаруу. Андан кийин РФти цивилизациялуу улуттардын бүлөсү деп атап алган тобуна кошушу мүмкүн, бирок ар бир бөлүгүн өз-өзүнчө кошот. Мындай оюн Россия лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" берүүсүнө курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
РФ лидеринин айтымында, Батыш үстөмдүк кылып, башкаруу үчүн Россияны бир нече бөлүккө бөлүүнү көздөп келет.
"Алардын бир максаты — мурдагы Советтер Союзун жана анын негизги бөлүгү болгон Россияны таратып, жоюп салуу. Андан кийин алар бизди цивилизациялуу улуттар деп атап алышкан үй-бүлөсүнө кабыл алышы мүмкүн, бирок өз-өзүнчө, ар бир бөлүктү өз-өзүнчө кабыл алат. Эмне үчүн? Ар бир бөлүктүн үстүнөн үстөмдүк кылып, башкаруу үчүн", – деген президент.
Путин: батыш Россиянын элин санкциялар менен кыйноого аракет жасады