Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина жеңеринен күмөнсүй баштады

Баяндамачы сөзүнүн соңунда Батыштын Украинаны сактоо үчүн бул чыр-чатакты кийинки жылга чейин создуктуруу стратегиясы Украинанын жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн деп кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жогорку Раданын депутаттары Украинанын жаңжалдан жеңип чыга албастыгын айта башташты. Бул тууралуу Washington Post гезитине таянып РИА Новости агенттиги жазды.
Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында АКШнын вице-президенти Камала Харис Россия менен Украинанын жаңжалы жөнүндө сүйлөп: "Путин убакыттан ута турган абалда эмес", — деп айткан.
"Украинанын мен Мюнхенде жолуктурган дээрлик бардык расмий өкүлдөрү бул пикирге кошула алышкан жок. Алар үчүн аягы жок согуш Путиндин жеңишин билдирип, өлкөсүн жоготуу деп түшүнүшөт", — деп жазган гезиттин баяндамачысы.
Анын айтымында, украиналык саясатчылар Байдендин администрациясы Киевдин активдүү аскердик аракеттерге өтүү стратегиясын колдобогонуна тынчсызданып турушат.
Рада депутаты Елизавета Ясько батыштын "Украинага канча жардам керек болсо ошончо беребиз" деген билдирүүсүн "абдан кооптуу" деп атаган. Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко эгерге жаңжал дагы бир нече жылга созулса, Украина өтө көп жоготууга тушугарын белгилеген.
Киев үчүн жакшы эмес факторлордун катарына автор Байдендин Украинага сурап жаткан курал-жарактарды жөнөтүүнү каалабагандыгын да кошкон. Макаланы жазган баяндамачы сөзүнүн соңунда Батыштын Украинаны сактоо үчүн бул чыр-чатакты кийинки жылга чейин создуктуруу стратегиясы, тескерисинче, Украинанын жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн деп кошумчалаган.
Батыш мамлекеттери Украина согуш талаасында Россияны жеңиши керектигин дайыма айтып, аны менен кошо курал-жарак, аскердик техникаларды жөнөтүп келишет.
Буга чейин РФ НАТОнун мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда конгрессмендер Байденден Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылды