Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо 2,5 эсеге көбөйдү

Өткөн жыл ичинде Кыргызстандын чет өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 11,8 миллиард долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандан Россияга экспорттолгон товарлардын көлөмү дээрлик 2,5 эсеге көбөйдү. Бул боюнча Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Билдирмеге ылайык, өткөн жыл ичинде Кыргызстандын чет өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 11,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен 27,4 пайызы же 3,2 миллиард доллары Россия менен жүргүзүлгөн соода-сатык. Аталган өлкө менен товар жүгүртүү мурдагы жылга салыштырмалуу 40,6 пайызга көбөйгөн. Кытай менен да ири көлөмдө соода-сатык иштери жүргүзүлгөн. Өткөн жыл ичинде бул өлкө менен товар алмашуунун көлөмү 4,2 миллиард долларга жеткен, бирок анын көбү импорт, экспорттун көлөмү 61 миллион доллар.
Экспорт боюнча маалыматтар:
Өткөн жыл ичинде Кыргызстан чет өлкөлөргө 2,2 миллиард долларлык товар сатты. Бул көрсөткүч 2021-жылдагыга караганда 565,5 миллион долларга аз.
Бирок 2022-жылы Россияга экспорттун көлөмү 2,45 эсеге көбөйгөн, жыл ичинде ал 963,6 миллион долларды түздү. Кыргызстан чет мамлекеттерге экспорттогон жалпы товардын 44,1 пайызы Россияга жөнөтүлөт.
Кыргызстан Россияга саткан 10 негизги товар. Тизме