Иманалиев Жапаровго билим берүү тармагын кандайча реформалай турганын айтып берди

Өтүп бара жаткан аптада мурдагы министр Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна экс-депутат Каныбек Иманалиев министрдин милдетин аткаруучу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алып, алдыдагы жүргүзүлчү реформаларды талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Иманалиевдин алдына илим жана билим чөйрөсүн жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.
"Бизге реформа керек. Бала бакчадан баштап университетке чейин. Биз азыр эски система менен отурабыз. Билим берүү тармагында тартипти орнотуу үчүн күнү-түнү иштешибиз керек", — деди президент.
Иманалиев бир айдын ичинде реформалардын концепциясын көрсөтө турганын убадалады. Муну менен ал бир нече сунуштарды айтты:
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев
мектептерде ваучердик системаны киргизүү. Бул мамлекет мектепке эмес, ар бир балага акча бөлүүсү боюнча каржылоо принциби;
профессионалдык-техникалык окуу жайларына "өндүрүш менен иштеши үчүн" толук финансылык жана экономикалык эркиндик берүү. Зарыл болгон учурда мектептерди мамлекеттик жеке өнөктөштүк башкарууга өткөрүү;
жаш окумуштуулар үчүн президенттик стипендия чегерүү;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдары үчүн президенттик гимназия ачуу. Жапаров буга чейин Ысык-Көлдө мектеп курулуп жатканын, маселе өзүнүн көзөмөлүндө экенин айткан.
Эске салсак, өтүп бара жаткан аптада мурдагы министр Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна экс-депутат Каныбек Иманалиев министрдин милдетин аткаруучу болгон.
Радио
Акматов: этнопедагогиканы окутуу жолун мугалимдерге үйрөтүү керек