Кыргызстан Испаниянын "Airbus-C295" учагын сатып алууга ниеттенүүдө

Ажикеев "Airbus-C295" учагы өзгөчө кырдаал болгон аймактарга куткаруучуларды жана куткарууга тиешелүү шаймандарды ыкчам жеткирүүгө, авиациялык издөө, куткаруу иштерине керек экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Испаниянын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегрону кабыл алды.
Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Испаниянын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегрону кабыл алды.
Мекемеден маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Испаниянын кызматташуу маселелери талкууланган. Ажикеев Испаниянын Airbus Defence and Space компаниясы чыгарган "Airbus-C295" учагын сатып алууга кызыкдар экендигин билдирди.
Элчи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы иш-аракеттери боюнча оң пикирин билдирип, "Airbus-C295" учагынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө токтолду.
"Тараптар учактын кымбаттыгын эске алып, аны алуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулап, учакты жеңилдетилген насыя аркылуу алуу маселеси каралды. Элчи аны Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. Буга байланыштуу алдыда банктын өкүлдөрү менен биргеликте үч тараптуу жолугушуу өткөрүү макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Ажикеев "Airbus-C295" учагы өзгөчө кырдаал болгон аймактарга куткаруучуларды жана куткарууга тиешелүү шаймандарды ыкчам жеткирүүгө, өзгөчө авиациялык издөө, куткаруу иштерине керектүү экендигин белгилеген.
Өрт өчүрүүчүлөргө акыркы жылдары берилген техниканын саны