Кышты узатуу. Бишкектин жака-белинде өткөн Масленица майрамынан 12 сүрөт

Ленинское айылында чыгыш славян майрамы болуп саналган Масленица өттү. Кышты узатуу салтанаты кандай болгонун Sputnik чогулткан кадрлардан көрүүгө болот.
Sputnik
Майрамдык иш-чара адаттагыдай эле шаңдуу маанайда өттү. Элдик ырлар менен частушкалар жаңырып, концерттик программа да тартууланды. Келгендер башкы тамак блин үйүлгөн дасторконго келип жатышты. Ал эми майрам кыш каракчысын өрттөө менен жыйынтыкталды.
Масленица — славян мифологиясынын айрым элементтери сакталган салттуу майрам. Ал бир жума майрамдалат, андан соң христиандар 40 күнгө чейин өзүн тамак-аштан чектеп, Пасхага даярдык көрүшөт.
1 / 12

Масленица — славян мифологиясынын айрым элементтери сакталган салттуу майрам

2 / 12

Майрамдык иш-чара Бишкектин жака белиндеги Ленинское айылында болду

3 / 12

Кыш адаттагыдай эле көңүлдүү маанай менен узады

4 / 12

Иш-чара оюн-зоок...

5 / 12

...мелдеш, элдик ырлар жана частушкалар менен коштолду

6 / 12

...буга катар концерттик программа да тартууланды

7 / 12

Келген коноктордун баары дасторкон четине чакырылып жатты, майрамдын көркүн салттуу тамак блин ачты

8 / 12

Көтөрө келген итин да шааниси кылып кийинтип алышкан

9 / 12

Казактарсыз бир Масленица өтпөйт

10 / 12

Майрамда кыргыздын да элдик ырлары жаңырды

11 / 12

Чоң-кичине дебей каракчыны айлангандар

12 / 12

Майрам кыш каракчысын өрттөө менен жыйынтыкталды