Президент окуучулардын ата-энесинен акча чогултууну токтотуу милдетин койду

Буга чейин өлкө башчы билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучуну кабыл алып, бир катар тапшырмаларды койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге ата-энелерден акча чогултпоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ага ылайык, президент мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, жууп-тазалоочу каражаттар) сатып алууга ата-энелерден акча чогултууну токтотуу тапшырмасын койгон. Султанбаев бул керектөөлөр республикалык бюджеттен каржылана тургандыгын кошумчалады.
Буга чейин Иманалиев Жапаровго билим берүү тармагын кандайча реформалай турганын айтып берген. Ал өтүп бара жаткан аптада министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
1-апрелден тарта мектепке жазылуу башталат