Көөнө Сөз

"Кердениң кесип салбайбы..." Көөнө сөзгө "Манастан" түшүндүрмө

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста кездешкен "керден" деген көөнө сөздү кеңири мааниде колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз бир нече мааниде колдонулган учурлар кездешет.
"Эпосто "Кердениң кесип салбайбы/Кейишке башы калбайбы" деген саптар бар. Көпчүлүк бул сөздү моюн деп түшүнөт. Ошол эле учурда "керден" сөзү моюндан тышкары кекиртек, көкүрөк, айрым учурда жалпы эле баш маанисинде колдонулат. Демек, бул сөздү кеңири колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытса болорун кошумчалады