Киселев ЕБдин "Россия сегодня" медиатобуна салган санкциясына комментарий берди

Биримдик Россияга каршы 10-чектөөлөр топтомун расмий журналга жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Европа биримдигинин "Россия сегодня" эл аралык медиатобуна чектөө киргизүүсү — Европанын өзүн-өзү бүлүндүрүүгө кезектеги кадамы болду, бул аракеттерге аны АКШ түртүп жатат. Мындай пикирин медиатоптун башкы директору Дмитрий Киселев РИА Новости агенттигине билдирди.
"Жаман окуя. Америкалыктар Европаны каалагандай калчашат. АКШ азырынча биздин медиатопко каршы чектөө киргизе элек, бирок Европаны мажбурлады. Европа үчүн бул өзүн-өзү бүлүндүрүүгө кезектеги кадам, кимдин пайдасы үчүн мындай чечимге барары белгисиз. Россия бир нече жолу сактап калган биздин бир кездеги жалпы цивилизациябыз жапа чегүүдө. Биз эми деле ошол эле иштерди аткара беребиз", — деди ал.
Чектөөлөрдүн 10-топтомунун алкагында жеке чектөөгө "Россия сегодня" медиатобунун аткаруучу директору Кирилл Вышинский дагы кирди. Вышинский бул чектөөлөргө карата эч кандай эмоция болбогондугун билдирген.
Буга чейин Европа биримдиги Россияга каршы 10-чектөөлөр топтомун расмий журналга жарыялаган. Санкция Россиянын Украинада атайын операцияларды жүргүзгөндүгүнө байланыштуу киргизилүүдө.
Россиянын АКШдагы элчилиги жаңы санкциялар боюнча үн катты