Бийлик сатып алган 90 автоунаанын бешөө Нарындын акимдерине берилди. Сүрөт

Автоунаалардын ачкычын президенттик администрациянын өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана облус башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Нарында бардык райондун акимдерине кызматтык автоунаалар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2

Нарында бардык райондун акимдерине кызматтык автоунаалар берилди.

2 / 2

Маалым болгондой, автоунаалардын ачкычын президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору Сабыркул Ашимбаев жана облус башчысы Алтынбек Эргешов тапшырган.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен алыскы аймактар үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатып алынган. Анын ичинен беш машина Нарын облусундагы акимдерге берилди.
Бийлик 90 кызматтык автоунаа сатып алып, төртөөнү Баткенге берди. Видео