Баткенде белгисиз заттын жарылуусунан чек арачы жарадар болду

Кырсык тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берилип, иликтөө башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Баткендеги №2021 аскер бөлүгүндө автомашиналарды кароо пунктунда от жагуу учурунда белгисиз зат жарылып, аскер кызматкери жарадар болгонун УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Кырсык 25-февралда болгон. Маалыматка ылайык, бутунан жаракат алган 20 жаштагы жоокер дароо Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган аскер кызматкеринин абалы орто оор деп бааланууда.
Аталган факт боюнча тийиштүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталганы айтылды.
Баткенде 21 жаштагы жоокер жанындагы аскердин кокусунан чыккан огунан каза болду