Радио

"Теңирберди" фильми Иранда өткөн фестивалда сыйлыкка татыды

Оператор Караш Жанышов "Теңирберди" фильми чыгармачыл топ үчүн толук метраждуу тасма боюнча дебюттук эмгек болгонун айтты.
Sputnik
"Теңирберди" фильми Ирандын Тегеран шаарында 41-жолу өткөн Фажр кинофестивалында "Эң мыкты сценарий" номинациясына татыды. Бул тууралуу кинокартинанын оператору Караш Жанышов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай масштабдуу жана абройлуу кинофестивалдан сыйлык алуу чоң сыймык.
"Чынын айтсам, бул жетишкендигибиз биз үчүн күтүүсүз болду. Буга чейин Америка, Хайнань жана башка өлкөлөрдөн фестивалдарга чакыруулар келген. Бирок кино жаатындагы масштабдуу иш-чаралардан чакыруу күтүп жаттык. Анан Ирандан чакыруу келгенде кубануу менен кабыл алдык. Анткени Фажр фестивалы өтө масштабдуу жана абройлуу кинофестивалдардын катарын толуктайт. Биздин фильм ат салышкан категорияда финалда 11 тасма калып, "Эң мыкты сценарий" наамын бизге ыйгарышты. "Теңирберди" тасмасы чыгармачыл топтогу ар бирибиз үчүн толук метраждуу кино боюнча алгачкы эмгегибиз болгондуктан, мындай ийгиликке жеткенине сыймыктанып турабыз", — деди оператор.
Ал кинофестивалдын жүрүшүндө аталган тасмага Бангладеш, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн да кызыгуулар болгонун кошумчалады.