Самат Кыргыз Hardcore чемпиону менен кармашып, тең чыкты. Видео

Кийинки беттеште Абдырахмановдун жеңил салмактагы чемпиондук курду кайра алууга аракет кыларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Самат (Кыргыз) Абдрахмановдун 70 салмак категориясындагы чемпион Мартин Джуарян менен таймашы тең чыгуу менен аяктады.
5 раунддук беттеш ВТБ аренасында (Москва) Hardcore Fighting Championship турниринин алкагында өттү. Билеттер эрте сатылып кетип, 12 миң көрүүчү келгени айтылды.
Самат көпчүлүктүн сүйүктүү спортчусуна айланып калгандыктан, ал чыкканда стадиондогу эл ордунан козголуп, кубаттап тосуп алган.
Мартин башында Абдырахмановду эки ирет нокдаун кылган, бирок Кыргыз үч раундда ишенимдүү кармашкан. Лига токтоосуз реванш боюнча чечим чыгарган, кезектеги беттеште Самат чемпиондук курду тартып алууга кайрадан аракет кылмакчы.
Абдырахманов эки титулду алып келе жатат. Hardcore мээлейсиз урушунда экинчи сезондун гран-присине жана Hardcore Boxing боюнча жеңил салмакта мыкты деген номинацияга ээ болгон.
Самат "Кыргыз" дагы бир ирет Hardcore бокс лигасынын чемпиону болду. Видео