Нарында 23 градуска чейин суук болот. Бир жумага карата аба ырайы

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун адистер эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Алдыдагы аптада Нарын облусунун аймагында жаан-чачын болбойт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, облуста жуманын башынан аягына дейре күн ачык болот. Бирок суук кайта элек, түнкүсүн аяз 23 градуска чейин чыкылдап турат.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болору эскертилди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Айыл чарба министрлиги пияздын экспортуна салынган чектөөнү алып таштоону сунуштады