Киши уурдап кетип үч күн туткундап, 3000 доллар талап кылды дегендер кармалды

УКМКдан эгер уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан ыдык көргөндөр болсо, аларга кайрылууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Адамды уурдап кетип, туткунда үч күн кармап, 3000 доллар талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя 2023-жылдын 19-февралында Бишкек шаарында болгон. Бул ишти жасаганы боюнча үч адам шектелүүдө.
"К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. жергиликтүү тургундун жолугушуусун алдап уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан соң А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине үч күн кармап, күч колдонуп, коркутуп, 3000 доллар талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалгандар тергөө камак жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан ыдык көрүп, укугу бузулган жарандарды (мыйзам бузуу фактылар болсо) аталган комитетке кайрылууга чакырды.
Бишкекте адам уурдап, 200 миң сом талап кылган деп төрт киши кармалды