ЕБдин Россияга каршы санкциясына RT Arabic, Sputnik Arabic да кабылары айтылды

Жалпыга маалымат каражаттарынын лицензиясын токтотууну демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Евробиримдиктин Россияга каршы жаңы санкциялары RT Arabic жана Sputnik Arabic ЖМКларынын трансляциясына жана жайылышына таасир этет. Бул туурасында ЕБдин кеңеши билдиргенин РИА Новости жазды.
Кеңеш аталган маалымат каражаттарынын лицензиясын токтотууну демилгелеген.
"Кеңеш жалпыга маалымдоо боюнча кошумча эки каражат — RT Arabic менен Sputnik Arabic агенттиктеринин лицензиясын токтотуу боюнча демилге көтөргөн", — деп айтылган билдирүүдө.
Алардын пикиринде мындай чара "РФтин коңшу мамлекеттерин, ЕБ жана ага мүчө-өлкөлөрдөгү абалды чайпалтууга багытталган системалуу түрдөгү дезинформация жана маалыматты манипуляция кылган эл аралык кампанияга каршы күрөшүү үчүн кабыл алынган".
Пресс-релизде RT Arabic менен Sputnik Arabic каражаттарын "Россиянын агрессиясын мыйзамдаштыруу жана Украинаны колдогондорду азайтуу үчүн туура эмес маалымат таратуу, аскердик пропаганда үчүн пайдаланып жатат" деп күнөөлөшкөн.
Санкциялардын арты менен Россияда экономиканын жаңы багыты пайда болду