Күрп-Сай гидроэлектр станциясынын курулушу 1976-жылы башталып, ага миңдеген адамдар катышкан. Беш жылда куруучулар бийиктиги 113 метр, узундугу 364 метр болгон плотина салган. Ошентип, 800 МВт кубаттуулуктагы ГЭС 1981-жылы 21-февралда биринчи электр энергиясын колдонуучуларга берген. Ал узак убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп, жылына орточо 2,63 миллиард киловатт-саат электр энергиясын чыгарат. Учурда аталган ГЭС көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт.
Тема боюнча: