Бийлик 90 кызматтык автоунаа сатып алып, төртөөнү Баткенге берди. Видео

Автокөлүктөргө GPS системасы орнотулган, ар дайым көзөмөлдө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жергиликтүү бийликтин жетекчилери үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатып алынды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын алгачкыларын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Баткендин Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарынын мэрлерине тапшырды.
"Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон аймактар үчүн автоунааларды өзүм тапшырып жатам, башка региондордогу жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун", — деди Жапаров.
Президенттин иш башкармалыгы тарабынан чет өлкөдөн 90 кызматтык автоунаа сатып алынганы белгиленди.
Баткендеги жабыркаган элге, ишкерлерге компенсация кыска мөөнөттө төлөнөт дешти