Бишкек: россиялыктан 5 миң доллар талап кылган, мурда соттолгон киши кармалды

Шектүүнү шаардагы кафелердин биринен 100 миң сом алып жатканда кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкекте россиялыктан 5 миң доллар талап кылган киши кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Жабырлануучу 29-январда борбор калаадагы базарлардын биринде жакшы тааныш эмес кишиге жолукканда, аны автоунаага күчтөп отургузушкан. Андан соң беш миң доллар жана эки смартфон бериши керектигин айтышкан.
Бул иш боюнча тартип сактоочулар Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Пара талап кылуу”) негизинде иш козгошкон. Бейбашты Сагымбай көчөсүндөгү кафелердин биринде талап кылган акчасынан 100 миң сомду алып жатканда кармашкан. Тактай келгенде ал мурда соттолгон, 1996-жылы туулган киши болуп чыкты. Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген. Милициядан анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатканын айтышты.
Россиянын жаранын койдуруп кеткен айдоочу кечирим сурады. УКМК үн катты