Алыш бел боо күрөшү менен кыз-келиндер көп машыга баштады. Буга чейин өлкө биринчилигинде катышуучулардын саны аз байкалса, жылдан-жылга атаандаштык курчуду. Бул тууралуу Шабданбек Амиралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө командалык эсепте Кыргызстандын курамасы командасы биринчи орунду эч кимге бербейт.
"Жакында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, анда кыздар-келиндер алты салмактык категория боюнча күч сынашты. Эл аралык турнирлерде кыздарыбыздын деңгээли өсүп, байгелүү орундарды ээлегендердин саны көбөйдү. Бул ички атаандаштыктын натыйжасы десек болот,, курама командага кирүүгө аракет кылгандар да арбыды. Дүйнөдө командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы биринчи орунду эч кимге бербейт. Бирок Иран, Түркмөнстандын спортчулары мамлекеттен жакшы колдоо таап, күчтүү мектеп кура алышты. Албетте, мындай атаандаштык дагы изденүүгө, жаңы нерселерди табууга түрткү болот", — деди Амиралиев.
Ошондой эле адис учурда курама команда Азия жана дүйнө чемпионатына кызуу даярданып жаткандыгын кошумчалады.