Акылбек Жапаров: Кытайдын карызын азыр да төлөсөк болот, бирок бир шарты бар...

Өкмөт башчы карыздардын баарын өз графиги менен төлөп берүүгө Кыргызстандын кудурети жетет деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын депутаты Балбак Түлөбаевдин айткан сөзү боюнча пикирин билдирди. Анын "Кабар" улуттук агенттигине берген маеги жарыяланды.
Буга чейин аты аталган депутат "президент Улуттук банкта сакталып турган алтындар менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё алат" деп айткан. Бул коомчулукта ар кандай талкууну жараткан болчу.

"Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер үстөгү 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен деп көрсөтүлгөн. Ошон үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот", — деди Жапаров.

Ошондой эле өкмөт башчы карыздардын баарын өз графиги менен төлөп берүүгө Кыргызстандын кудурети жетет деген пикирин билдирген.
Акылбек Жапаров: саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок