26-февралга карата аба ырайы

26-февралда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Нарын чөлкөмүндө -2…-7 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +5…+7, Ош шаарларында +9…+11 градусту көрсөтөт.
Үшүй берет. Дарыгер туура эмес арыктоонун кесепетин эскертти