БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга катаал жаза колдонула баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюп, документ өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет. Максаты — автокырсыктарды азайтуу.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жаңы талаптар тууралуу айтып берди:
Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3 000, эми 5 500 сом;
Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса — мурда 5500 сом болчу, эми 15 000 сом;
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурда 5 500, эми 7 500 сом;
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 7 500, эми 15 000 сом;
Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурда 5500 сом, эми 15 000 сом
Унаа бейбаштыгы — мурда 7 500, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;
Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат;
Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;
Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат.