РКӨФ Куланак ГЭСин жана Чүйгө цемент заводун курууга 89 млн. доллар берет

Бийлик заманбап завод курулса өлкө цемент импортуна көз каранды болбой каларын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) быйыл эки ири долбоорду каржылайт. Бул туурасында Финанасы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Финансы министри Алмазбек Бакетаев, РКӨФ төрагасы Артем Новиков жана экономика министри Данияр Амнгелдиев Москвада өткөн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынына катышышкан. Анда 2023-жылга карата долбоорлорду каржылоо маселеси каралган.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын стратегиялык маанилүү эки долбоорунун 89 миллион долларын каржылоо жактырылды. Насыя берүү жеңилдетилген тартипте жүргүзүлөт", — деп жазылат пресс-релизде.
Министрликтин маалыматына караганда, биринчи долбоор — Нарын облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин куруу. Аны ишке ашырууга РКӨФ 44 миллион доллар бөлүп берет. Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана дефицитти 18 пайызга кыскартууга жардам берет. Курулуш жүрүп жаткан мезгилде — 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт.
Экинчи долбоордун алкагында фонд Чүй облусунда жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 миллион доллар берет. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цемент чыгарууга жетет. Буга байланыштуу Кыргызстан жылына 47 миллион доллар үнөмдөп, импортко көз каранды болбой калат. Заводдо 450 жумушчу орун түзүү каралган.
Финансы министрлиги аталган эки долбоорду жүзөгө ашырууга 250 миллион доллар керектелерин белгиледи.
РКӨФ: Ошто 500 млн. долларлык долбоорлорду ишке ашыруучу келишимдер түзүлдү