Радио

Исраилов: бейөкмөт уюмдар мамкызматкерлерди окутарда уруксат алышы шарт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окуу бөлүмүнүн башчысы Медер Исраилов бейөкмөт уюмдар өзү билемдик менен окутуу жүргүзө албай турганын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп ар кайсы темаларда өкмөттүк эмес уюмдар окууларды, семинар, жыйналыштары өткөрө алышат. Бирок биздин агенттиктен алдын ала уруксат алышы керек. Анткени айрым маселелер боюнча окутууларды жүргүзүүгө болбойт. Бул тууралуу Медер Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн кандай семинар, окутуулар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу жетекчилери ар алты айда бир жолудан отчет берип турушат.
"Кыргызстандын аймактарына келип, мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерди ар кандай чет өлкөлүк тажрыйбаларга үйрөтүп, түрдүү окутууларды жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар бар. Алар мындай жыйналыштарды жасоодо биздин агенттиктен уруксат алышы шарт. Эгер уруксат албай өзү билемдик менен окутуу жүргүзүлсө жана ал бизде сунушталбаган темаларды камтыса, анда окутууну токтотуп, тыюу салабыз, эскертүү беребиз. Ошондой эле муниципалдык кызматтардын, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери да жарым жыл сайын өз мекемесинин кызматкерлери үчүн кандай окутуулар болуп өткөнү тууралуу отчет берип турушат. Мурда өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уруксат алынбай эле өткөрүлүп жиберген окутуулар болгон. Эми мындайга жол бербейбиз", — деди Исраилов.
Адис окутуулар тематикасына карата да тандаларын, кээ бир региондорго уруксат берилген темалар башка аймактарга болбой тургандыгын да кошумчалады.