Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткарат

Жаңы келген министр Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты болгон. Президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, өткөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Каныбек Иманалиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын кызматка дайындалышына парламент макулдук бергенден кийин толук кандуу ишке киришет.
Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Мамбетакуновдун кызматтан кеткен себеби белгисиз. Бирок ал социалдык баракчасына: "Ишеним көрсөткөңүздөр үчүн баарыңыздарга чоң рахмат! Кандай болбосун, мен баары бир билим берүү системасында калам", — деп пост жазды. Министрлик кызматка былтыр 7-ноябрда дайындалган, ага чейин орун басар болуп иштеп жаткан.
Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, өткөн эмес. Эмгек жолун журналистикадан баштап, 1994-1995-жылдары президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон. Бир нече китептин автору.
Марат Тагаев маданият министринин орун басары болуп дайындалды