Дарыгер аялдар кайсы учурда эгиз же үч эм төрөй турганын айтты

ДССУнун маалыматы боюнча, 80 аялдын биринде эгиз төрөлөт. Ал эми үч эм 8 миң аялдын биринде жарыкка келет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Аялдар кайсы учурда эгиз, үч эм же андан көп бала төрөй турганын "Известия" агенттигине акушер-гинеколог Анна Кутасова айтып берди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 80 аялдын биринде эгиз төрөлөрүн, үч эм 8 миң аялдын биринде жарыкка келерин айткан. Ал эми төрт эм, беш эм дегендер өтө сейрек кездешет.
"Бир нече түйүлдүктү көтөргөн кош бойлуулук көбүнчө тукум куучулук фактордон көз каранды. Бирок мындай учур айрымдарда мурда-кийин туугандарынын арасында болбосо деле кездешиши мүмкүн. Кээде цикл маалында эки ирет овуляция жүрсө же жумуртканын өзү бөлүнүү өзгөчөлүгүнө ээ болсо да бир нече түйүлдүк жаралышы ыктымал", — деген гинеколог.
Мындан сырткары, жасалма уруктандыруу жолу (ЭКО) менен бир нече баланын төрөлүшү мүмкүн экенин айткан. Бирок Россиянын мыйзамында бул ыкма менен бир нече эмбрионду көтөрүүгө тыюу салынганын айткан. Анткен менен ЭКОдон кийин эгиздер төрөлгөн учурлар болгонун кошумчалаган, тагыраагы, бир эмбрионду салганда ал аялдын организминде экиге бөлүнүп кеткен.
Адис эгиздерди жана үч-төрт эмди көтөрүү ден соолук үчүн тобокелдик экенин, көптөгөн кыйынчылыктар коштолорун белгилеген.
Психолог жаш өтүп бара жатканда балалуу болуунун артыкчылыктарын санап берди