Айыл чарба министрлиги пияздын экспортуна салынган чектөөнү алып таштоону сунуштады

Кыргызстан дефицитти алдын алып, бааларды кармап туруу үчүн пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги пияздын экспортуна салынган тыюуну алып таштоону сунуштады. Бул боюнча токтом долбоору даярдалды.
Эске салсак, Өзбекстан менен Пакистанда пияздын түшүмү начар болуп калгандыгына байланыштуу импортту күчөтүшкөн. Мындан улам Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан дефицитти алдын алып, бааларды кармап туруу үчүн пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салган. КР февралда киргизген чектөө апрелге чейин созулары айтылган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, ай сайын ички керектөөгө 6 миң тонна кетсе, фермерлерде 50 миң тонна запас бар. Мыйзамдарга ылайык, эгер запас үч айлык керектөөнү жапса, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу камсыздалды деп эсептелет.
Мындан тышкары, апрелде жаңы түшүм жыйнала баштайт да, пияздын көлөмү керектөөдөн ашып кетиши мүмкүн. Мында фермерлер жабыркап калат. Пияз тез бузулуучу жашылчанын катарына кирет. Ал +10 градус температурада сакталат. Ал эми мартта аба ырайы +20га жетиши күтүлүүдө. Буга байланыштуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттого коюлган чектөөнү алып салууну сунуштап жатат.
Өзбекстан менен АКШдан келген бир катар азыктарга коюлган чектөө алынды