Акылбек Жапаров Баткенде салынган жаңы үйлөрдүн сапатын текшерип жүрөт

Өкмөт башчы талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапатын көрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ал кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.
Жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда 317, Лейлек районунда 100 жана Баткен шаарында бир үй бар.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Баткен менен Ош облустарында административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Мындай болбойт. Жапаров Баткендеги курулуш боюнча жоопкерчилик караларын айтты