Тажикстанда магнитудасы 7,3кө жеткен жер титирөө катталды

Жер силкинүү Алматы жана Ташкент шаарларында да сезилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Тажикстандын Синьцзян-Уйгур автономдуу району (Кытай) менен чектешкен жеринде магнитудасы 7,3кө жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын сейсмологиялык борборуна таянып жазды.
Жер силкинүү саат 08:37де катталды. Сейсмологиялык борбордун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте, эпиборбору Кытай менен чектешкен жерден 82 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2-3 баллга жеткен жер титирөө Алматыда да сезилген. Өзбекстандын борбору Ташкентте да күчү 3-4 баллга жеткен силкинүү катталды.
Азырынча кыйроолор болгон-болбогону тууралуу маалымат түшө элек.
Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду