БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын кызматында болуп, өздүк курамды Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ташиев атайын бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган курал-жарактар менен да таанышып, алардын күжүрмөн даярдыгын текшерген.
Мындан тышкары, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеген.
Ташиев"Альфанын" кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишине ийгиликтерди каалаган.