Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Молдова бийлиги Киевдин “чагымчылыгы” боюнча маалыматтан кийин элине кайрылды

Кишинев чет элдик өнөктөштөр менен кызматташып жатканын, кандайдыр бир кооптуу жагдай жаралса коомчулукка дароо маалымат берилерин убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Молдова бийлиги Россиянын Коргоо министрлигинин Киев Приднестровьеге каршы чагымчылык кылышы мүмкүн деген билдирүүсүнөн кийин калкты тынчтанууга чакырды.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги расмий Киев Приднестровьеге каршы куралдуу провокацияны Украинанын Куралдуу күчтөрү жана "Азов"* улутчулдарынын жардамы менен даярдап жатканын айткан.
"Биз элди тынчтанууга жана коомчулукту Молдованын расмий жана ишенимдүү булактарынан маалымат алууга чакырабыз", — деп айтылган өкмөттүн Telegram каналында.
Маалыматта Кишинев чет элдик өнөктөштөр менен кызматташып жатканы, кандайдыр бир кооптуу жагдай жаралса коомчулукка дароо маалымат берилери белгиленген.
* Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Киев радиоактивдүү зат пайдаланылчу чагым даярдоодо