Кыргызстан жолдорду оңдоого 2,6 млрд. доллар алган. Негизги үч донор аталды

Министрлик алынган насыялар кайсы жолдорго жумшалганын тизмектеди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Соңку 18 жылда Кыргызстандагы жолдорду оңдоого жана жаңысын салууга чет элдик донорлордон 2,68 миллиард доллардан ашуун каражат алынган. Бул туурасында Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, акчанын 2,27 миллиарды кредит катары, 405,56 миллион доллары грант түрүндө алынган.
Негизги донорлор:
Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы берген 1,1 миллиард долларга тогуз долбоор ишке ашырылган. Анын ичинде Түндүк — Түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолдору бар. Ал эми 102,9 миллион долларлык грантка Бишкектин ички жолдору жана көчөлөрү оңдолууда;
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 642,6 миллион доллардан ашык бөлүнүп, анын 156,1 миллиону гранттык каражат болгон. Ага Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Алматы, Түндүк — Түштүк жолдорунун айрым тилкелери калыбына келтирилген;
көрсөткөн жардам боюнча Япония үчүнчү орунда турат. Аталган мамлекеттен 316,9 миллион доллардан ашуун акча алынып, 76,69 миллиону грант түрүндө которулган. Бул каражат "Манас" аэропортунун жолун реконструкциялоо жана Бишкек — Ош жолун оңдоого жумшалган.
Былтыр энергетика тармагына 10,5 млрд. сом кредит алынган