Кыргызстанда бир нече майрам күндөрүн жумуш күнү деп жарыялоо сунушталууда

Министрлик майрамдардын санын кыскартуу өлкөнүн экономикасына оң таасир берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда бир нече майрам күндөрүн жумуш күнү деп жарыялоону сунуштоодо. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель (Апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) күндөрүн майрам бойдон калтырып, бирок иш күндөрү деп белгилөө сунушталууда.
“Майрамдардын санын кыскартуу Кыргызстандын экономикасына оң таасир тийгизет”, — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле дем алыш күндөрүнө туш келген майрамдарды иш күндөрүнө жылдыруу практикасын жоюу сунушталууда.
Ошол эле учурда жаңы жылдык майрамдарды январь айынын башында белгилөө, ал эми айдын башында майрамдардын көптүгүн эске алуу менен май айындагы майрамдарды май каникулу деп өткөрүү сунушталууда. Бирок банк структуралары үчүн бул күндөрдү жумуш күнү катары калтыруу пландалууда.
Эскертебиз! Кийинки аптанын ишембиси иш күн болот