Кыргызстандагы эркектер кайсы куракта үйлөнөт? Статистика

Өлкөдө эмгек курагындагы эркектердин 76 пайызы жумуш менен камсыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы эркектер өлкөдөгү калктын жалпы санынын 49,6 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2022-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,3 миллионго жеткен (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын кошпогондо).
Республикадагы эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде жашаса, ар бир алтынчы эркек — Бишкек шаарынын тургуну.
Ошондой эле өлкөдө эмгекке жарамдуу эркектердин иш менен камсыз болуусу 76 пайызды түзөт. Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 37 жашты түзөт.
"Эркектер бардык чөйрөдө эмгектенишет. Дээрлик жалаң эркектер иштеген ишмердүүлүктүн түрлөрүнө курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергиясы, газ, пайдалуу кендерди казуу тармактары кирет", — деп айтылат маалыматта.
Статистика боюнча, 2021-жылы өлкөдө 51 миңге жакын эркек никеге турган. Анын 45,7 миңи биринчи жолу үй-бүлө курган. Ошондой эле никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта болсо, ал эми ар бир үчүнчүсү 20-24 жашта болгон.
"Кыргызстандагы эркектердин көбү 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасайт", — деп билдирди Статком.
Кыргызстандыктардын 4 пайызы гана эң жогорку айлык алышат