Кайсы жолдорго акы төлөнүшү мүмкүн? Транспорт министрлигинин түшүндүрмөсү

Министрлик долбоор калк жана мамлекет үчүн пайдалуу болсо жолдорго акы төлөнөрүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кайсы жолдорго акы төлөнүшү мүмкүн экендигин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айтып берди.
Министрлик кечээ соцтармактагы расмий баракчасына Кыргызстанда акы төлөп жүрө турган унаа жолдордун тизмесин чыгарган. Ага төмөнкүлөр кирген:
Бишкек — Нарын — Торугарт;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там;
Ош — Сары-Таш — Карамык;
Эркеч-Там — Сары-Таш — Карамык.
Бирок бүгүн Транспорт министрлиги бул маалыматты “так эмес” деп атады.
"Жогоруда аталган жолдор акы төлөнүүчү жол катары каралган эмес. Өзгөн шаарынын айланма жолу менен Бишкектин түндүк айланма жолу, Чүй облусунун калктуу конуштары акы төлөнөт деп каралууда", — деп билдирди мекеме.
Министрлик долбоор калк жана мамлекет үчүн пайдалуу болсо гана жогорудагы каттамдар боюнча өтүүгө акы төлөнөрүн кошумчалады.
Кыргызстан жолдорду оңдоого 2,6 млрд. доллар алган. Негизги үч донор аталды