Эт саткан жайлар күйгөн. "Аламүдүн" базарында чыккан өрттүн видеосу

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 7 бөлүм жана атайын штаб тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кечээ Бишкек шаарынын "Аламүдүн" базарында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аны өчүрүүгө жалпысынан 7 бөлүм жана атайын штаб тартылган.
Тилсиз жоо 20:07де чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен өчүрүлгөн.
ӨКМ тарткан видеодон эт саткан жактагы беш павильондун күйүп кеткенин угууга болот. Өрттүн келип чыккан себеби такталууда.
"Азия Молл" соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү. Видео