24-февралга карата аба ырайы

24-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас өрөөнүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, ал эми Нарында -1...-6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош калаасында +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт, 1,5 млн. гүл отургузулат