Радио

Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жалпы 6 266 факт катталган

Бишкек шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Түкөбаев милицияга элдин ишеними жогорулап жатканын айтты.
Sputnik
Былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөткүчүндө 2021-жылга салыштырмалуу өсүү байкалган. Бул тууралуу Тилек Түкөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, милицияга болгон ишенимдин жогорулашына байланыштуу арыз менен кайрылгандардын саны да көбөйгөн.
"Мыйзамдуулуктун өзгөрүшү менен уй-бүлөлүк зомбулук ишин аныктоо жолго коюлуп калды. 2019-жылга чейин чара көрүү маселеси татаалыраак болуп турган. Пандемия учурунда да үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп кетип, бир топ сын-пикирлер айтылган эле. 2021-жылдын декабрынан тарта Бузуулар жөнүндө кодекс кабыл алынып, бир топ өзгөрүүлөр болду. 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 1 275 факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын 1205и сотко жиберилип, чечим чыккан. Ал эми оозеки, телефон чалуу аркылуу, арыз менен жалпы 6 266 факт бекитилген. Милицияга болгон ишенимдин жогорулашына байланыштуу арыз менен кайрылгандардын саны да көбөйгөн", — деди Түкөбаев.
Ошондой эле адис эркектерге карата зомбулук фактылары да катталып жатканын кошумчалады.