Милицияга атайын даярдыктагы аскерлер жардам кылган. Эсирип кеткендерди кармоо 16-февралда ишке ашкан. 30 жана 32 жаштагы шектүүлөр мурда оор кылмыштары үчүн эркинен ажыратылгандар экени айтылды.
39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылгандарга чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.
"Бул жаранга кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атап, күч колдонуп 4000 доллар талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринен улам кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча табылганы белгилүү болду.