Райондук кеңештерди түзүү жана шайлоо мөөнөтүн узартуу каралууда

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-январында күчүнө кирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети райондук кеңештерди түзүүнү жана депутаттарын шайлоо мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартууну сунуштады.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-январында күчүнө кирген.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев мыйзам долбоорун парламентке биринчи окууда кароого алып келди.
"Учурда айыл аймактарды ирилештирүү каралууда. Мисалы, пилоттук долбоордун алкагында административдик-аймактык реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл өкмөтү бешөөнө биригет.  Ушул себептен райондук кеңештерди шайлоо жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн пилоттук долбоорлор аяктаганга — 2025-жылы чейин узарта туруу зарылчылыгы келип чыкты", — деди Байдылдаев.
Бирок мындай демилгени көпчүлүк депутаттар колдогон жок. Натыйжада президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов долбоорду күн тартибинен алып салууну сунуштады. Депутаттар ага макул болуп, кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү.
Эске салсак, өткөн жылдын 2-сентябрында президент Садыр Жапаров жарлык чыгарып, райондук кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби жана ыйгарым укуктары тууралуу убактылуу жобону бекиткен. Ага ылайык, 40 райондо 1 297 депутат шайланмак. Бир кеңеште райондогу калктын санына жараша 20дан 60ка чейин депутат отурат.
Радио
Түптөгү 13 айыл өкмөтү бириктирилип, бешөө түзүлөт. Реформанын башталышы