Ошто мыйзамсыз менчиктелген 18 млн. сомдук жер мэрияга кайтарылды

Жерди жыйырма жылга чукул убакыт мурда Ош шаардык мэриясы жеке менчикке берип жибергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ош шаарында прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган органдын Ош шаардык бөлүмү Ош мэриясы тарабынан 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендигин аныктаган.
"Бул боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды. Натыйжада, прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды", — деп айтылган маалыматта.
Оорукананын жерин менчикке берип коюшкан. Прокуратура 15 жыл мурдагы ишти ачты