Радио

Темиров: IT тармагындагы кыз-келиндердин көбү жетекчилик кызматта иштейт

Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров бүгүнкү күндө IT багытына региондордогу балдар көп кызыгып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын маалыматтык технологиялар тармагында кыздардын саны өтө аз, бирок көбү жетектөөчү кызматтарда иштейт. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү IT секторунун өнүгүшүнө кыздардын салымы абдан чоң.
"Маалыматтык технологияларга кызыккандардын саны өсүүдө. Албетте, Кыргызстандын IT тармагында кыздардын саны жетишсиз, бирок көбү жетектөөчү кызматтарда иштеп, мыкты чечимдер, долбоорлор, идеялар менен бул сектордун өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатышат. Жогорку технологиялар паркы кыздардын IT багытын тандоосун жана келишин колдойт. Учурда өлкөдө аларды колдогон, багыт берген бир катар уюмдар да бар. Көбүнесе сапаттуу кадрларды даярдоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга кадам жасоого аракет кылуу керек", — деди Темиров.
Ошондой эле адис быйыл Жогорку технологиялар паркы маалыматтык технологиялар жаатында Кыргызстанды таанытуу, тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу, киреше көлөмүн көбөйтүү багытында иш алып барарын кошумчалады.