Билим берүү министрлигинин жетекчилиги алмашары айтылды

Иманалиев Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болгон, президенттикке талапкерлигин койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кызматтан кетип, ордуна экс-депутат Каныбек Иманалиев келиши мүмкүн. Бул туурасында өздүк маалымат булактар билдирди.
Депутат Каныбек Иманалиев
Кадр алмашуунун себеби азырынча белгисиз. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Иманалиев менен байланышканда "азырынча так эмес" деп маалыматты четке каккан да, төгүндөгөн да жок.
Мамбетакунов министрлик кызматка былтыр 7-ноябрда дайындалган, ага чейин орун басар болуп иштеп жаткан.
Ал эми Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.
Марат Тагаев маданият министринин орун басары болуп дайындалды