ЖК төрагасы Hyundai унаа заводунун филиалын Кыргызстанда ачууга чакырды

Ишкананын вице-президенти сунушту кабыл алып, бул жаатта тийиштүү аракеттер көрүлөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кореянын Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Ансан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган заводдун улук вице-президенти Ли Ки Со компания суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
1 / 3

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кореянын Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Ансан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 3

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган заводдун улук вице-президенти Ли Ки Со компания суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи

3 / 3

Өз кезегинде спикер компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырган

Өз кезегинде спикер компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырган.
"Кореяда чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз", — деди Шакиев.
Ал эми ишкананын вице-президенти айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү аракеттер көрүлөрүн белгилеген.
ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, компанияга тиешелүү ири үч заводдун бири катары таанылган Асан шаарындагы өндүрүштүк мекеме 32 миң чарчы метр аянтты ээлеп, 4 миң адам эмгектенет. Бирок иштин 90 пайызы автоматташтырылган жана күнүнө 1 100 автоунаа жасалат. Азыркы тапта чыгарылып жаткан жаңы унаалардын алгачкы наркы 10 миңден 150 миң долларга чейин бааланат. Ушундай эле заводдор Кореядан тышкары дүйнөнүн алты мамлекетинде курулган.
Белгилей кетсек, спикер Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Кореяга расмий иш сапар менен 20-февралда кеткен.
Өкмөт Alibaba компаниясынын филиалын Кыргызстанга ачууну сунуштады