Бишкекте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган жыйын-реквием өттү

Иш-чарага КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев жана Россиянын элчиси Николай Удовиченко катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган жыйын-реквием өткөнүн Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Иш-чарага КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, Россия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченко, Россиянын жана Казакстандын аскердик атташелеринин өкүлдөрү, жаштардын патриоттук кыймылынын тарбиялануучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери катышты.
Ошондой эле Бишкек гарнизонунун өздүк курамы келди.
Митинг-реквиемдин катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, курман болгондорду эскеришти.
Путин Москвадагы стадиондо чогулган миңдеген адамдын алдында сүйлөдү