Киши бычактап изин сууткан кыргызстандыкты Испаниядан алып келишти

Башкы прокуратура издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу Мадридге кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кишини бычактап, чет мамлекетке качып кеткен жаран Испаниядан Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ведомствонун оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабын Испаниянын Юстиция министрлиги канааттандырган.
"2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган. Баш прокуратуранын тапшырмасы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аны 22-февралда Бишкекке алып келди", — деп айтылган маалыматта.
Экс-депутаттын издөөдө жүргөн уулу Болгарияда кармалганын ИИМ билдирди