Депутат Жамгырчиев ботаникалык бакка президенттин атын ыйгарууну сунуштады

Эл өкүлү президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, ушул сунушун кабыл алып коюшун суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев ботаникалык бакка президенттин атын ыйгарууну сунуштады.
"Ботаникалык бактын абалын карасаңыздар, ичине ит баспай калды. Канчалаган баңгилер жүрөт, зордук-зомбулуктар болуп жатат. Ушуга сунушумду айтайын, улуттук парк кылабызбы же президенттин атын ыйгарабызбы, көзөмөлгө алып койсоңуздар. Советтер Союзунан калган жакшы багыбыз бар, көңүл буруп, акча каражатын бөлсөңүздөр. Канча деген мейман келет Кыргызстанга, бара турган жер жок", — деди депутат.
Жамгырчиев президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, ушул сунушун кабыл алып коюшун суранды.
Депутат быйыл бир адам үчтөн көчөт отургузушун демилгеледи