Учурда Венгрияда жалпысынын 488 кыргызстандык жаран билимин жогорулатып жатат. Бул тууралуу Алмаз Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Венгриянын билим жаатындагы алакасы 2016-жылы башталган.
"Тарыхка кайрыла турган болсок, эки өлкөнүн ортосунда билим берүү жаатындагы келишимдер 2016-жылы түзүлгөн. 2017-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алгачкы жолу 20дан ашык студент жиберилген. Бөлүнгөн квотанын саны улам жогорулап, жыл сайын 200дөн ашык улан-кыз Венгрияга окуганга кетип жатат. Учурда аталган өлкөдө жалпысынан 488 кыргызстандык жаран бакалавр, магистратура жана докторантура багыттары боюнча билимдерин өркүндөтүүдө. Жакында эле Венгрияда өткөн ректорлордун жолугушуусунда да эки өлкөнүн алакасын жандантуу максатында бир канча келишимдерге кол коюлду", — деди ректор.
Ал чет өлкөдөн билим алуунун артыкчылыктары көп экенин айтып, бардык жаштарды билим алууга чакырды.